super.kg logo

Рамзан Кадыров күйөрмандык кылган жаранды орусиялык мушкерден кечирим суроого мажбурлады

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чечен күйөрманына Грозныйдагы беттештен кийин жергиликтүү спортчуну жеңип алган Красноярсктан келген орусиялык мушкер Станислав Власенкодон ага карата бөтөлкө ыргытканы үчүн кечирим суроого мажбурлады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Станислав Власенко менен Хусейн Халиевдин ортосундагы беттеш 4-октябрда болгон. Чеченстанда жыл сайын бул күнү Рамзан Кадыровдун туулган күнүнүн урматына ММА боюнча турнир өткөрүлөт. Анда негизинен кабыл алуучу республиканын мушкерлери башка региондордун жана өлкөлөрдүн спортчулары менен беттешет.

Станислав Власенко былтыркы турнирде да 36 секунддан кийин атаандашын - Арби Агуевди нокаутка жиберген, бирок анда көрүүчүлөр тынчтыкты сакташкан. Бул жолу Красноярск мушкери соттордун бөлүү чечими менен жеңишке жетишкен. Спортчу сөз алууга аракет кылганда да көрүүчүлөр тынчтыкты сакташкан эмес.

Грозныйлык күйөрмандардын нааразычылыгы камералардын сыртында дагы уланган. Станислав Власенко тордон чыкканда, ага суу чачып, бөтөлкөнү ыргытышкан.

"Рамзан Ахматович баарын бат эле колго алды. Ал кишини жеке өзү ордуна койду. Мага бөтөлкө ыргыткан жигиттен кечирим суратты", - деп билдирген Власенко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.10.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Женилгенден кийин кысып отура беришсе болбойбу?Дагы эле жапайы болуп тополон чыгарбай
13.10.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттордун болуу чечими менен анан Рамзан фанаты анын дейт,значит жон Эле женишти берип койгон женбесе дагы ошого чычалаган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: