super.kg logo

Германия дүйнөдөгү биринчи автоматташтырылган поездди чыгарды

 

"Siemens" компаниясы жана Германиянын "Deutsche Bahn" темир жол оператору дүйшөмбү күнү Гамбург шаарында дүйнөдөгү биринчи автоматташтырылган айдоочусуз поездин бет ачарын өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Deutsche Bahn'тын" башкы директору Ричард Лутц "Автоматташтырылган темир жол операцияларын колдонуу менен биз жүргүнчүлөрүбүзгө бир чакырым жаңы трассаны салбастан, кыйла кеңейген, ишенимдүү, демек, жакшыраак кызмат көрсөтө алабыз", - деген.

Дүйнө жүзү боюнча бир нече аэропорттордо айдоочусуз бир рельстүү транспорттор жана Париждеги метро поезддери айдоочусу жок болсо да, жаңы "Siemens" жана "Deutsche Bahn" поезддери кадимки поезддер менен бирге иштеп жаткан темир жол инфраструктурасында коопсуз жүрө ала турган биринчи автоматташтырылган поезд болуп саналат.

Билдирүүдө "Siemens" жаңы поездди жасалма интеллекттин жардамы менен жүргүзөрү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Машинистке айлыгыңарды аябай эле, ордуна отургузуп койгула да. Компьютерге да ишенип болобу
13.10.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,компьютерге вирус кирип кетип. Токтобой айлана берсе жүргүнчүлөр көрөт анан де
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: