super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кумтөр" тууралуу маалымат угуп, айтылып жаткан сөздөргө чекит коёлу"

 

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов "Кумтөрдүн" жетекчисин чакырып, маалымат угууну сунуштады.

"Маалымат каражаттары октябрь окуясына бир жыл толду, мамлекет эмнеге жетишти деп жазып жатышат. Бүгүн күн тартибине "Кумтөрдүн" жетекчисин чакырып, маалымат угалы. Биз "Кумтөрдү" алганыбыз мамлекеттин жетишкендиги деп жооп берип жатабыз. Мамлекетке элдик президент келди деп айтып жатабыз. Келишимдерди колдоп бердик. Бул маселе боюнча ар түрдүү сөздөр айтылып жатат. Улуттук банк менен маселеси бар экен деген сөздөр айтылып жатат. Аскар Акаев келип туугандары менен жолугуп кетти. Андан кийинки президенттердин тиешеси барбы? "Кумтөрдүн" чыныгы күнөөкөрлөрүнүн канчасы камала элек? "Кумтөрдүн" үстүндө болуп жаткан сөздөргө чекит коюп маалымат угалы", - деди Атазов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: