super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурбаев Акылбек Жапаровго: "Ушундай команда менен кайда барасыз?"

 

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат.

Анда депутат Абдывахап Нурбаев президент ант берүү аземинде билим берүү тармагына ваучерди киргизүү боюнча сөздөрдү айтканын эстетти. "Бирок Билим берүү министрлиги тарабынан кадамдарды көрбөй жатам", - дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Болотбек Купешев билим берүү системасындагы маселелерди издилдеп чыкканын билдирди. "Ваучерди сизден биринчи жолу угуп жатам", - деди ал.

Депутат Акылбек Жапаровго: "Мындай команда менен кайда барасыз? Ваучерди билбейт экен", - деди.

Акылбек Жапаров: "Жакшы жакка барам. Ваучер эмне экенин түшүнөм. Түшүнбөсө түшүндүрөбүз же түшүнө турган адамды алып келебиз", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: