Акылбек Жапаров: "Кимге турмушка чыгасың десе мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз. Кийинки жылы алардын айлыгын көтөрөбүз"
Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айтты.
"2022-жылы мугалимдердин айлыгын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы? Улуттун сапаты билим берүү системасына байланыштуу. Билимдин сапаты мугалимдерге байланыштуу. Айлык аз болсо биз алардан талап кыла албайбыз. Мугалимдерге көңүл буруу керек", - деди Абывахап Нурбаев.
Акылбек Жапаров: "Быйыл укук коргоо органдарынын айлыгын көтөрдүк. Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз", - деди.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-4

