super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиевден Дастан Бекешевге кеңеш: "Дастан иним, Акылбек Жапаровдун сага жасаган жакшылыктарын унутпа"

 

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамы каралып жаткан жыйында Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып: "Сиздин талапкерлигиңизди, албетте, колдойм, кезинде сиздин колдооңуз менен депутаттыкка келдим. Сиз менен көп иштешкем, абдан акылдуу идеяларга байсыз, ачык айтканда сиз иштегенди билесиз. Бирок акылсыз идеяларыңыз дагы көп, мен аларды колдой албайм", - деген.

Депутат Марлен Маматалиев Дастан Бекешев өзүнө да, Акылбек Жапаровго да көп тийишерин айтты.

"Дастан иним, кыргызда "ичкен кудугуңа түкүрбө" деген жакшы сөз бар. Өзүң айткандай, 2007-жылы Акылбек Усенбекович менен министрликке келгенибизди, кандай иштеп өнүктүргөнүбүздү да жакшы билесиң. Ошондо ал киши атайын сен үчүн, сени жакшы айлык алсын деп болбогон бир бөлүмдү ачып берген. Айтпайын дегем, өзүң айттырып жатасың. Андан тышкары 2010-жылы бир аксакалды кетирип, анын ордуна алдыңкы сапка коюп, ал себепчи болуп депутат болдуң, сен анын жакшылыктарын унутпашың керек", - деди.

"Ооба, баары эсимде. Унутпайм. Ошол үчүн колдоп жатам, колдойм. Бирок кээ бир мыйзам долбоорлорун колдобой турганымды айтып жатам. Катуу сөз айткан болсом кечирип койгула", - деди Маматалиевге Дастан Бекешев.

Буга чейин Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасына карата сөз сүйлөп жатып, кесиптештерин да мыйзам долбоорлорун окубайт деп сындаган. Эл өкүлүнүн кесиптештеринин буга карата жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: