“Хайян” куюну 10 миңдей филиппиндиктин өмүрүн алып кетти
2013-жылдын 8-ноябрында Филиппиндин Лейте провинциясында күтүлгөн “Хайян” куюну (тайфун) кем дегенде 10 миң адамдын өмүрүн алып кетти. Мындай маалыматты "Reuters" ("Рейтер") агенттиги бүгүн, 10-ноябрда билдирди. Кыйраткыч куюндан 4 миллиондой адам жапа чегип, 500 миңдей адам үй-жайсыз калды.
Жогоруда аталган агенттиктин маалыматында, Филиппиндин президенти Бенинго Акино каза тапкандардын болжолдуу санын да айткандан баш тартып, өкмөт толук эмес маалымат берүүдө деп айткан. Улам жаңы маалыматтар түшүп жаткандыгына байланыштуу көз жумгандардын саны 10 миңден да ашышы мүмкүн.
Кыйроо тилкеси Филиппиндин борбордук бөлүгү боюнча 600 чакырымга созулган. Циклон шаардагы турак-жайлардын 80 пайызын кыйратып, жолдорду кулаган дарактар жана имараттар тосуп калган. Эң күчтүү кыйроо болгон жер - Таклобан шаары. Ошондой эле Пало, Ормок жана Бурауэн шаарларында да кыйроо, талкалануулар көп. Мындан тышкары куюн толкундарды 5 метр бийиктикке чейин көтөрүп, ташкындаган суу Самар жана Лейте аралдарында көптөгөн турак-жайларды жууп кеткен.
Эскерте кетсек, тайфун - көбүнчө Азиянын түштүк жана чыгыш жээктеринде болуучу күчтүү куюн.


Кыямат деген, учурдагы болгон окуяны айтат.Мына ушуга окшогондорду кыямат дейт.Кыямат бир күндө эле жерди талкалап же сыйрып кетпейт.Кыямат ар жерде болот.Жашоо улана берет.
Кудай сактасын баарыбызды!
эн чон жоготуу, уйлор бамбуктан, бактан жазалгандыктан мындай тайфунга туруштук бере албастыгында, адамдардын бул тайфундун катуу болоорун туура кабыл албаганында,
баш калкалап качуудан мурун оз уйлорундо калып аягы ушуга алып келди, анткени филлипинде мындай тайфундар жылына 3-5 жолу болуп тураары белгилуу
Кудай табияттын кырсыгынан сактасын жана табиятка адамдардын залакасы тийип жыйынтыгы
т