super.kg logo

"Эл Үмүтү" партиясы – талапкерлердин тизмесин онлайн талкууга коюп, ачык тандай турган болду"

 

"Эл Үмүтү" социал-саясий партиясы бул сапар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди өзгөчө ыкма менен тандады. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык онлайн праймериз жарыяланып, анда 25 жаштан 45 жашка чейинки жогорку билимдүү, коррупцияга аралашпаган, коомго жана өлкөгө пайдалуу иш жасаган жарандар primarieskg.org сайтына анкета толтуруп, өздөрүнүн талапкерлигин аталган сайттын колдонуучуларынын талкуусуна коюшкан. Жыйынтыгында, онлайн-праймеризге 229 талапкер катышып, ага 5000ден ашуун кыргызстандык добуш берген. Эрежеге ылайык, эң көп добуш топтогон алдыңкы талапкерлер партиянын тизмесине киргизилсе, калган катышуучулар партияга мүчө катары кабыл алынды. Бул ыкма талапкерлердин таза, калыс тандалышына шарт түзүп берди.

Партия лидери Аскар Алмаз уулу бүгүн өткөрүлгөн партиянын курултайында онлайн праймеризге активдүү катышкан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, партия талапкерлерди аныктоо үчүн жүргүзүлгөн онлайн праймеризде добуштарды көбөйтүүгө умтулган 14 талапкердин тизмеден четтеткенин кошумчалады. Себеби, бул адамдар одоно ыкмаларды колдонуу менен көбүрөөк добуш топтоого аракеттенишкен. Жаңыча көз караштагы таза жаштар мындай ишке жол беришкен эмес.

“Бул ыкма канчалык деңгээлде натыйжалуу?” – деген суроо менен БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматовага кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп узаты: "Праймериз ыкмасы өнүккөн, саясаты туруктуу мамлекеттерде ийгиликтүү колдонуп келет. Шайлоого бара турган талапкерлер шайлоого катышуу ниетин бир жыл мурун билдирип, онлайн праймеризге катышуу үчүн анкета толтурат. Онлайн праймеризге катышкан адамдарга коомчулук ачык добуш берип, жыйынтыгында эң көп добуш топтогондор шайлоого аттанган талапкерлердин катарын толукташат. Бул – талапкерди ачык-айкын тандоо үчүн эң натыйжалуу ыкма. Бул ыкма коррупция, интрига, ушактардан алыстат".

Ошондой эле Атыр Абдрахматова праймериз ыкмасы 2012-жылы да Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосунда талапкерлерди тандап алууда колдонулуп, анын жыйынтыгында эң мыкты команда чогулгандыгын кошумчалады.

Кошумча маалымат: "Эл Үмүтү" социал – саясий партиясынын негизги мүчөлөрү 2021-жылдын апрелинде өткөрүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна "Биздин Эл" партиясы менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештен 8 мандатка ээ болгон. Ал шайлоодо да шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер праймериз аркылуу аныкталган.

Бирок БШК шайлоодо мыйзам бузулду деген кине менен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра добуш берүүнү жарыялаган. “Биздин Эл” партиясы кайра шайлоого катышуудан баш тартып, Аскар Алмаз уулу баштаган активдүү жаштар парламенттик шайлоого даярдануу чечимин кабыл алышкан. Ушул жылдын август айында Аскар Алмаз уулу жаңы "Эл Үмүтү" социал - саясий партиясын каттоодон өткөргөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: