Ксения Собчактын катышуусундагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын видеосу жарыяланды
Орусиялык алып баруучу Ксения Собчактын катышуусундагы адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, Ксения Собчак бара жаткан Мерседес унаасынын айдоочусу автобусту тыюу салынган жерден озуп өтүүнү чечкен. Андан кийин карама-каршы тилкеде келе жаткан Фольксваген менен бетме-бет сүзүшкөн.
10-октябрда Сочиге жакын жерде Ксения Собчак бараткан таксинин айдоочусу каршы тилкеге чыгып, башка унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, дагы эки адам ооруканага жаткырылган. Айдоочу күнөөсүн моюнуна алды.
Ксения Собчакты катышуусундагы жол кырсыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Суперге тан калбаныз, Супер Жанылыктарын окуп, Соз тизмектерине козубузду жумуп койгонду уйронгонубуз качан)))))