Түн ичинде клубдан чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан Талай Сулайманов изделет
Бишкекте 35 жаштагы Талай Сулайманов дайынсыз болуп изделүүдө. Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, изделип жаткан жаран 10-октябрда түнкү саат 02:36 чамасында "Промзона" клубунан чыгып кеткен. Андан бери Талай Сулаймановдун жүргөн жери дайынсыз болууда.Кийип жүргөн кийимдери: боз түстөгү жылуу кофта, боз түстөгү шым, көк түстөгү замша бут кийим.
Белгилери: бою 176 сантиметр, салмагы 85-90 килограмм.
Өзгөчө белгилери: сол ийининде татуировкасы бар.
Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, жакындары төмөнкү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранышат. Байланыш номерлери: +996 555 230 490, +996 755 074 720.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















