super.kg logo
  Спорт  

Жоламан Шаршенбековду жеңип кайра ага атырылган Виктор Чобану: "Мен аны сыйлайм"

 

Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду жеңип Дүйнө чемпиону аталган молдовалык Виктор Чобану Жоламан Шаршенбеков тууралуу оюн айтты.

"Мен финалдык беттеш кыйын болорун билгем. Кыргыз балбаны менен Олимпиада оюндарында кез келгенбиз. Мен анын мыкты балбан экенин, менден жаш экенин билчүмүн. Мен аны сыйлайм. Күрөш күрөш менен, бирок адам бойдон калуу маанилүү", - деди Чобану Дүйнөлүк күрөш уюмуна берген маегинде.

Бул эки балбан алгач 2020-жылы Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда кез келип, Жоламан Шаршенбеков 8:0 эсебинде жеңип алган. Андан кийин балбандар "Токио-2020" Олимпиадасынын чейрек финалында кез келип, Чобану 8:0 эсебинде жеңген. Дал ушул беттештен соң Виктор Чобану жерде жаткан кыргыз балбанын жулкулдата кыйкырык салып, "мен уттум" дегендей кыр көрсөткөнү көпчүлүктүн эсинде калган.

Ал эми Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны атаандашка 9:3 эсебинде утулуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: