Путин бийлиги кимге калаары туурасындагы суроого жооп берди
Орусиянын президенти Владимир Путин энергетикалык жумалык (REW) эл аралык форумун отурумунун аягында америкалык телеканалдын журналисти Хедли Гэмблдиге маек берди.
Путин бийлиги кимге калары туурасындагы суроого жооп берип, бул тема азырынча талкуулана электигин, бирок Орусиянын Конституциясы мамлекет башчысына жаңы мөөнөткө талапкерлигин коюуга уруксат бергенин түшүндүрдү.
"Кийинки шайлоого чейин дагы көп убакыт бар. Бул темадагы сүйлөшүүлөр кырдаалды туруксуздаштырууда. Бардык мамлекеттик органдар, бардык мамлекеттик түзүмдөр ишенимдүү иштеши үчүн, келечекке тынч көз караш менен кароо үчүн абал тынч, стабилдүү болушу керек", - деген Путин.
Буга чейин Путиндин америкалык журналистке комплимент айткан видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.