Үй ээси мас абалда болгон. Кара-Балтада турак үйдөн өрт чыгып, бир киши күйүк алды

Чүйдүн Кара-Балта шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы үй ээси күйүк алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-октябрда турак үйдүн бөлмөлөрү жана чатырынын айрым жерлери күйгөн. Кырсыктын кесепетинен үйдүн кожоюну 1960-жылы туулган П.Р. бет жагынан жеңил күйүк алган, өзү мас абалда болгон.
Өрттүн себеби такталууда. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган, саат 23:15те чектөөгө алынып, саат 01:40та толук өчүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.