super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы “Бишкекке асма жолдорду куруп, унаа тыгындарды азайтышыбыз керек” дейт

 

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги унаа тыгындарын айланып өтмө жолдорду (обьездная) жана асма жолдорду куруу аркылуу азайтыш керек деген ойдо. Бишкектин көчөлөрү чоң көйгөйгө айланып бара жатканын айткан премьер: “Шаарда эртең мененки жана кечки унаа тыгындарын көрүп эле жүрөбүз. Муну асма жолдорду жана оор унаалар жүрүүчү айланып өтмө жолдорду куруу менен азайтсак болот”,- деди. Сатыбалдиев бул маселени да “Кумтөр” менен байланыштырды. “Кийинки жылы “Кумтөрдөн” 60 миллион доллар кошумча киреше аларыбыз күтүлүүдө. Анын эсебинен ушундай иштерди жасоого шарт түзүлөт”,- дейт премьер.  

 

Эске салсак, “Кумтөр” боюнча Сатыбалдиев сунуштаган меморандум Жогорку Кеңеште октябрь айында каралып, колдоо тапкан жок. Көпчүлүк депутаттар меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына төп келбей турганын, Кыргызстандын аталган ишканадагы үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керектигин айтышты. Сатыбалдиев үлүштү  50 пайыздан бөлүүнү сунуштаган болчу. Өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү талабы коюлуп, 2 ай убакыт берилген. Учурда “Центерра” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүдөн оң натыйжа чыкпаса, кыргыз тарап келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: