super.kg logo

Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан “Ак-Куу” эс алуу үйүндө кароолчу шеригин өлтүрүп койгон

 

Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан “Ак-Куу” эс  алуу үйүндө 10-ноябрда кароолчу шеригин өлтүрүп койгондугу тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

                           

  Аталган басма сөздүн маалыматына таянсак, 10-ноябрда милицияга “Ак-Куу” эс алуу үйүнөн азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Айтылган дарекке барган оперативдүү топ эркек башына катуу сокку алгандан өлгөндүгүн аныкташкан. Өлгөн адамдын өздүгүн тактай келгенде, ал Түп районунун Балбай айылынын 51 жаштагы тургуну К.Айтуганов болуп чыккан. Милиция кызматкерлери кылмышкердин изин суутпай кылмышка шектүү деп Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын 41 жаштагы жашоочусу, кароолчу болуп иштеп жаткан  Кубанычбек  С аттуу жаранды кармашты.  

           

  Кармалган адамдын берген көрсөтмөсүнө таянсак, өлгөн кароолчу экөө арак ичишкен. Анан чатак чыгып, өзүн ыза кылган тигини башка таш менен бир нече урган соң, уктап калган. Эртең менен ойгонуп, шериги өлүп калганын көргөндөн кийин из жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, учурда тергөө  амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.11.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын пайдасы!!! Кобуроок ичкиле эл журт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: