super.kg logo

Пермь: Алты адамды атып өлтүргөн Тимур Бекмансуров сотко майыптар арабасында отуруп катышты (видео)

 

Пермь шаарынын Дзержинский райондук соту Пермь мамлекеттик университетинде алты кишини атып өлтүргөн 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун соттук отурумун оорукананын актовый залында өткөрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, соттук отурумга Тимур Бекмансуров майыптар арабасына отуруп катышкан. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Сот аны эки айга камакка алуу түрүндө чечим чыгарган.

Видеодо Тимур Бекмансуровдун сол буту кесилгенин көрүүгө болот. Анын жанында бир нече күзөтчүлөр кайтарып турат.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.






Тимур Бекмансуров сотко катышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.10.2021. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына пабж оюндун кесепети
15.10.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул террористти тарс өлтүрүп эле алып барып итти көмгөндөй кылып көмүп салгылада.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: