super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Министрлер кабинети "Алтын балалык" борборунун ачылышына 3 миллион сом бөлөт"

 

Бүгүн, 15-октябрда балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун ачылышына каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү. "Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбыздын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мени экономика жана финансы министри кылып дайындап жатканда "чек ара маселелерин чечип алсак эң биринчи кадамым колунда жокторго, жетим-жесир, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көңүл бурам" деп айткан. Демөөрчүлөр жардам берип бүтпөсө 1-январдан баштап "Алтын балалык" комплекс бүтүш керек деп тапшырма алдым. Президент өзүнүн фондунан 3 миллион сом берген экен. Биз министрлер кабинети 3 миллион сом сертификатыбызды алып келдик", - дейт Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: