super.kg logo

Бишкекте дүкөндүн ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Шектүү кармалып, камакка алынды

 

Бишкекте дүкөндүн ичинен 3 килограммга жакын баңгизаты табылды. Шектүү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери О.Б. аттуу жаранга тиешелүү Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде издөө иштерин жүргүзүүдө алмалар салынган коробканын ичинде 273 даана ширеңкенин кутусуна ныкталган кара куурай табылган. Алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограмм 874 грамм болгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда алынган затты Токтогулдан берип жибергендиги аныкталган. Ошол эле күнү Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБине жеткирилген.

Аталган жаран алынган заттар ага тиешелүү болгондугун моюнуна алып, өзүнүкү экендигин билдирген. Шектүү жаран тергөө абагына киргизилген. Учурда бул кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.10.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакал койбой ол сволоч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: