УКМК: "Мурунку саламаттыкты сактоо министринин тууганы коррупцияга шектелип кармалды"
Бүгүн, 15-октябрда мурдагы саламаттыкты сактоо министринин тууганы С.Ж. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мурунку саламаттыкты сактоо министринин туугандарынын бири С.Ж. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди мыйзамсыз каттоо үчүн министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.
Азыркы учурда С.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Эскерте кетсек, дары-дармектерди калкка бурмаланган баада сатуу боюнча фактылар аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

