super.kg logo

MegaCom'дун колдоосу менен №3 балдар ооруканасында ЛОР-бөлүм оңдоп-түзөөдөн өттү

 

14-октябрда Бишкектеги №3 шаардык балдар клиникасынын дарылоо мекемесиндеги жаңыланган ЛОР-бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү.

Бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери MegaCom мобилдик операторунун демилгеси менен жүргүзүлдү. 2021-жылдын апрель айында МegaCom компаниясынын 15 жылдык мааракесине карата салтанатты өткөрүүдөн баш тартып, ага жумшала турган каражатты өлкөнүн бардык аймактарынан келген ооруп жаткан балдарды кабыл алган бөлүмдү оңдоп-түздөөгө демөөрчү катары которгон.

Бөлүмдүн оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш салтанатына «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, медициналык мекеменин жетекчилиги жана №3 балдар ооруканасында дарыланып жаткан жаш балдар катышты. Жеткинчектер үчүн уюштуруучулар шоу-программаларды даярдап, кубандырышты.

Реновациянын жүрүшүндө MegaCom'дон бөлүнгөн каражатка бөлүмгө жаңы эшик, терезелер орнотулуп, сантехникалары алмаштырылып, полдору жаңыланган. Имаратка оңдоп-түзөө жасалып, жарык модернизацияланган жана электр өткөргүчтөр жаңыланган.

«MegaCom саламаттыкты сактоо тармагынын долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурган компания катары ата-мекендик оператордун 15 жылдык мааракесине карата өткөрүлө турган салтанатты белгилебей, ага жумшалчу каражатты балдардын дарылануусунун шартын жакшыртууга которгон. Анткени Кыргызстандын келечек ээлеринин ден соолугу ар бирибиз үчүн маанилүү», - деди иш чарада сөз сүйлөгөн компания жетекчиси Азат Базаркулов.

Айта кетсек, MegaCom компаниясынын социалдык-кайрымдуулук иштери корпоративдик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана организациянын баалуулугун билдирет. 15 жылдан бери мобилдик оператор калктын аярлуу катмарына ар тараптуу жардам берип келет.

MegaCom дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө биргелешкен күч менен жетүүгө ишенет жана бизнестин өкүлдөрүн жардамга муктаж болуп жаткандарга жардам берүүгө чакырат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: