super.kg logo

Райымбек Матраимовго арналган ырдын автору: "Айрымдары кошоматчылык деп түшүнүштү, мен бул нерсеге көңүл деле бурбайм"

 

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тууралуу ыр жарык көрдү. Ырдын автору Дамир Токтосунов SUPER.KG порталына ырдын жаралышы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Мен обончу-аткаруучумун. Кудайберген Кутуев аткарган "Туулган күн" аттуу ырдын авторумун. Райымбек менен 10 жыл бирге окугам. Ал менин айылдашым, классташым, досум. Экөөбүз топтун артынан чуркап бирге чоңойдук десем болот. Мен бул ырды пандемиянын алдында чыгаргам. Досумдун элге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кылган жакшылыгын, ата-энеси жок балдарды окутканын камтып 3 куплет ыр жазгам. Анын кандай эмгек жасаганын мен жакшы билем. Бул ырга мен клип тартам деп жүргөн боюнча калып калган. Ырды коомчулукка досумдун тарапташтары чыгарышкан экен. Мындан өзүмдүн кабарым болгон эмес. Мен жакшы бир клип тартып, анын чыгарсамбы деп ойлоп жүргөм. Буюрса, клип тартам деген оюм бар. Ыр чыккандан кийин коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдары кошоматчылык деп түшүнүштү. Оозуна ээ боло албагандар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Мен бул нерсеге көңүл деле бурбайм. Учурда музыка эмес, башка тармакта иштейм", - деп билдирди.






Раимбек Матраимовго арналган ыр жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: