super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Ооганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды

 

Президент Садыр Жапаров көп улуттуу ооган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы бүгүн, 15-октябрда видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

"Дүйнөдөгү жагдай тездик менен алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан чакырык жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Ооганстанда гуманитардык апаатка алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө жарандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал", - деди ал.

Мамлекет башчысы аталган чакырык жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга чакырды.

Мында КМШ болуп жаткан процесстерге позитивдүү таасир этүү жана регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанганына көңүл бурулду.

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүн да Ооганстан элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, мындай акция КМШнын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошоруна ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: