super.kg logo

"Кошунамды мени өлтүрдү деп моюнума алдыруу үчүн сабашты". Өзгөндө пенсионер милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды

 

Өзгөн районуна караштуу Шерали айылында милиция кызматкерлери 60 жаштагы жаранга зордук-зомбулук көрсөтүп, жалган айып тагууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 60 жаштагы Ж.Э аттуу пенсионер 11-октябрда аталган борбордун аймактык бөлүмүнө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген милиция кызматкерлеринин зордук-зомбулугуна туш болгонун айтып арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 5-октябрь күнү ал багымдат намазынан кийин мечиттен чыгып бараткан жерден райондук милиция кызматкери кошунасынын үйүнүн жанынан токтоткон. Кызматкер ал үйдүн 85 жаштагы ээсин белгисиз адамдар сабап кетип, каза болуп калганын айткан. Саат 10:00 чамасында аймактык милиция кызматкери ага чалып, РИИБге келүүсүн суранган.

“Милиция бөлүмүнө жубайым экөөбүз келдик. Ал жерде бизди бир нече кызматкерлер күтүп турган экен. Андан соң аймактык милиция кызматкерлери менен бирге үйгө келдик. Милиция кызматкерлери эч кандай документтерди көрсөтпөстөн тинтүү жүргүзүштү. Шектүү эч нерсе табылган жок. Андан кийин мени кайрадан РИИБге алып барып, биринчи кабаттагы кабинетке киргизишти”, – деп айтылат жабырлануучунун билдирүүсүндө.

Андан соң ал милиция кызматкерлеринин буйругу менен түшүнүк кат жазып берген. Бирок алар анын мазмунуна нааразы болуп, аны бетке уруп, уятсыз сөздөрдү айта башташкан. Жыйынтыгында кармалган адам түшүнүк катты 15 жолу кайра жазууга аргасыз болгон.

“Алар мени сабай баштаганда мен алардан “Эмнеге мени уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын, токтоткула” деп сурандым. Бирок алар токтогон жок. Алар мени кошунамдын өлүмүн моюнума алууну талап кылып, боор тушка, буттарыма жана башыма тепкилешти. Анан алардын бири таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркутту. Алар менин шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, токтотууну сурандым”, – деп айтып берген пенсионер.

Ошондой эле жабырлануучунун айтымында, милиция кызматкерлеринин бири үйдүн дарбазасынын жанында токтоп турган унааны кылмыш ишин токтотуу үчүн ага каттатууну талап кылган.

“Унаа менин уулума таандык. Эмне үчүн мен бул ишке тиешем жок болсо, бир нерсе беришим керек?" деп айттым. Бул учурда кабинетке дагы бир милиция кызматкери кирди. Ал мас экен, уят сөздөр менен сөгүнүп, оозума арак түкүрө баштады. Мен үчүн, мусулман катары бул коркунучтуу эле. Ошентип мени таң аткыча шылдыңдашты. Алар мени 6-октябрда кечки саат тогуздар чамасында гана үйгө коё беришти”.

Жабыр тарткан жаран ошондой эле 2-топтогу майып экендиги да кабарланды.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабырлануучу Ж.Э.ден арыз келип түшкөн күнү эле Ош облусунун прокуратурасына билдирүү менен кайрылганын белгилешти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
16.10.2021. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ишенген милицияларын ушундай кылышса калгандарына тан калбайм
16.10.2021. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бети курусун милициялардын
16.10.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы Менттер мыйзамдуу каракчы болуп калды...
16.10.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай жазанарды берсин. 60жаштагы аксакалды ушинтип кыйнасанар,бизге окшогон жаштарды олтуруп деле койёсунарго милициялар. Анан кайдагы бир шылто менен олду деп кутулуп кетесинер.
Аллахым баарын коруп турат, жазаасыз калбайсынар менттер
16.10.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өзгөндүн менттери мындай ишке толук барышы мүмкүн.Ал жерде жалаң боору таш,кудайдан үмүтү жок,акыретин ойлобогон адамдар органда иштешет.
17.10.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шакалдарды олтуруп ташташ керек . Ак сакал мылтык таап атып таштан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: