БШКнын төрайымы шайлоого карата даярдыктар тууралуу айтты
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого карата даярдыктар тууралуу айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Жарандардын шайлоого катышуу укугу боюнча шарттарды түзүп берүү биринчи жумушубуз. Ошону менен катар эле талапкерлер үчүн тең укуктуу шарттарды түзүп берүү керек. Бул мамлекеттин милдети. Өкмөт менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Талапкерлер тарабынан берилип жаткан документтер текшерилип жатат. Каттоо жүргүзүлүп, анан үгүт иштери башталат. Биз ар бир этапка алдын ала даярданып жатабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.