super.kg logo
  Саясат  

Дагы бир партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

 

"Адилет" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Аталган партиянын билдирмеси БШКда каралып чечим кабыл алынды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 75 партия билдирүү берген.

20 партия шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришкен. Алар: "Бийлик Элге", "Ар-Намыс", "Аалам", "Ак Бата", "Социалист", "Бирге-Вместе", "Биздин Эл", "Наш Народ", "Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”, "Эмгек", “Чоң Казат”, "Либералдык-Прогрессивдүү Партия", "Кыргызстан элдеринин конгресси", "АШАР-Алтан", “Жаратман Эл”, “Элдик Партия”, "Менин Мекеним", "Элдик Партиясы", “Замандаш”, “Акшумкар”, "Айкол Кыргызстан", "Кыргызстандын "Баба Дыйкан" фермер-дыйкандарынын партиясы”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: