super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кумтөрдү" ырбатып жаткандар максатына жетишти, элди дүрбөтүп алышты"

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Центерра” менен бир пикирге келе албаса Кыргызстан “Кумтөрдү” улутташтырууга аргасыз барышы мүмкүн экенин, бул өлкөгө зыян алып келе турганын айтты. Муну өлкө башчы ВВСге берген маегинде билдирди. Айтымында, "Кумтөрдү" көбүртүп-жабыртып жаткандар максатына жетишти.

 

“Кумтөрдү” ырбатып жаткандардын ою бир. Убагында 67 пайыз үлүштү 16 пайызга түшүргөндөргө “Кумтөрдүн” да, элдин да кереги жок. Булардын максаты бир эле –Кыргызстанда баш аламандык кылыш. Кайра эле уурулардын заманы келсин деп жатат. Мага өчөшкөндөрдүн баары эски уурулар экенин көрүп турам. Бирок алар өз максаттарына жетишти. Элди ишендирип, дүрбөтүп алды. Ошондуктан биз аргасыз өлкө үчүн зыяндуу кадамга барышыбыз мүмкүн”,- дейт Атамбаев. 

 

Эске салсак, “Кумтөр” боюнча Сатыбалдиев сунуштаган меморандум Жогорку Кеңеште октябрь айында каралып, колдоо тапкан жок. Көпчүлүк депутаттар меморандум кыргыз тараптын кызыкчылыгына төп келбей турганын, Кыргызстандын аталган ишканадагы үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керектигин айтышты. Сатыбалдиев үлүштү 50х50дан бөлүүнү сунуштаган болчу. Өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү талабы коюлуп, 2 ай убакыт берилген. Учурда “Центерра” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүдөн оң натыйжа чыкпаса, кыргыз тарап келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: