super.kg logo

Дары-дармек мафиясы: Камчыбек Ташиев дары-дармектин баасын арзандатууну тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевттик бизнестин өкүлдөрү катышкан.

"Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды, ал эми Камчыбек Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасады", - деп жазылат билдирүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынган.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.10.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КУРУК СОЗ БОЛУП КАЛЫП КЕТЕБЕРБЕСИНДА ИШКЕ АШУ 30% АШПАСУУ 70% БОЛОТКО ДЕЙМ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: