super.kg logo

АКНЕТ "Алтын балалык" реабилитациялык борборун калыбына келтирүүгө 1 миллион сом бөлдү

 

АКНЕТ компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана балдар үчүн "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна каражат чогултуу марафонунан четте калбай, ага катышты. Бүгүн, 18-октябрда компания жетекчилиги аталган борборго 1 000 000 (бир миллион) сом бөлдү.

"Биз компаниянын салымы бир нече өмүрдүн сакталышына өбөлгө болот деп ишенебиз, өзгөчө сөз кичинекей кыргызстандыктар жөнүндө болуп жатканда. Өлкөдөгү жашоо-турмушту жакшыртууга багытталган демилгелерди ар дайым колдоп келебиз.

"Алтын балалык" реабилитациялык борборуна өз учурунда көңүл буруп, мындай салымдарды кошуу менен биз борбордун азыркы потенциалынын мындан ары да кеңейишине шарт түзөбүз", - деп белгилешти компания жетекчилигинен.

Алтын балалык реабилитациялык борборуАКНЕТ буга чейин да өлкөдө медицина тармагынын жакшырышына жана медицина кызматкерлерине бир нече ирет колдоо көрсөтүп келген. Буга чейин компания тарабынан шаардагы ооруканаларга алып берилген "Тез жардам" унаасы жана кислороддук концентраттар ушул күнгө чейин жарандарга жардам көрсөтүүгө пайдаланылып келе жатат.

Мындан тышкары АКНЕТ аталган борборду оңдоп-түзөө үчүн каражат чогултуу марафонуна катышкан бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирет жана жарандарды кайдыгер карабай, марафонго катышууга чакырат.

Биз БИРГЕЛИКТЕ гана баарын жасай алабыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: