Өзбекстанда мамлекеттин колдоосу менен 700 орундуу IT-компания ачылды







Өзбекстандын Юкори-Чирчикск аймагында 700 орундуу "Astrum" IT-академиясы ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүнүн президентинин расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Ташкент облусуна болгон иш сапарында бул жерде түзүлгөн шарттар менен таанышкан.
"Академиянын эки кабаттуу имараты заманбап талаптарга ылайык жабдылган, бул жерге 700дөн ашык компьютер орнотулган. Жаштарга программалоо үйрөтүлөт, андан кийин алар бул багытта иштешет. Ошентип окутуу менен өндүрүштү айкалыштырган кластерди уюштуруу пландалууда. Окуучулардын жетишкендиктери "жасалма интеллект" технологиялары аркылуу бааланат", - деп жазылган маалыматта.
Учурда окууну каалаган жаштарды тандоо жүрүп жаткандыгы маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Taalai-bek

18.10.2021. 18:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озбекстанда жаныча иштоонун жолдору, онугуунун жолдорун издеп ITкомпаниялар ачылып жатса бизде жаныча шайлоо,жаны дайындоолор менен алекпиз го чиркин десе...
Ak_Bulut

18.10.2021. 22:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде дагы мамлекеттик деңгелде Айти тармагына көңүл бөлүш керек. Мектеп программасына киргизиш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.