Сокулукта мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, бир өспүрүм жаракат алды
Чүйдүн Сокулук районунда мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, бир өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 16-октябрь күнү Сокулук РИИБине Новопавловка айылында өспүрүмдөр ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине кызматкерлер барып, териштирүү иштерди балдардын ата-энелери менен бирге кылышкан. Бирок териштирүүдө өспүрүмдөр мушташ болду деген маалыматты четке кагышкан.
Кийинчерээк Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган 2006-жылы туулган А.Н. кайрылып, амбулатордук жардам алганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
XATSAN125

18.10.2021. 17:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп болсо мурду канаган да азыркы жаштар чертип койсон менттерге уй булоосу менен барып арыз жазышат.Биз жумалап тошокто жатсак кайра бизди урушчу чала болуптур дагы мушташ деп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.