super.kg logo

ИИМдин кызматкерлери баасы 450 миллион сомду түзгөн 10 килограмм метамфетаминди аныкташты

 

Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында “Иран Ислам Республикасы - Түркмөнстан-Өзбекстан Республикасы-Казакстан - Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн DAF маркасындагы жүк ташуучу унаасына тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын жүк ташуучу чиркегичинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган 147 даана алма табылган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыттаган затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын К.Б. аттуу жараны кармалган.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган чиркегич Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркмөнстандын транзиттик аймагынан дагы бир чиркегич кошулуп, Өзбекстан Республикасына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу чиркегич рефрижераторду кошуп Кыргыз Республикасынын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.

Бул заттын “жашыруун базарында” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзүп, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10100 граммды түзүп, дозасы – 150000. Ал эми баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 000 000 сомдү түзөт, ал Улуттук банкында доллардын курсу менен 531 миң 286 долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.10.2021. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын 1жылдык бюджетинен коп го эки эсе
19.10.2021. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кайсы депутаттын бизнеси болду экен
19.10.2021. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
450 миллион сом эмеспи?
450 миллиард ото эле чон сумма го..
19.10.2021. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jacob.,миллиард деп коюшту,эртең миңге түшүп жөнөкөй порошок экен деп башка өлкөгө өткөрүп берип жиберишет .Көнүп деле бүтпөдүкпү.
Кармаган азаматтар эле эмгегине күйүшөт.
19.10.2021. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Блиин 5 миллард долардан ашат Кыргызстандын карызын смела кутулабызго адашып жазган жоксунарбы
19.10.2021. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Медиктердин айлыгын бергиле эми
19.10.2021. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
zahid,Кайсыл жактан алып берет,синтетикалык наркозат болсо.кимге сатмак эле.Бул чёрный рыноктогу баасы.
19.10.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка сайттарда 551 долларсомго деп жазышты,сомго 45 миллион болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: