АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан улам көз жумду
АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл коронавирустан улам 84 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы жана Бириккен штабдын төрагасы, генерал Колин Пауэлл бүгүн эртең менен COVID-19дан көз жумду. Ал толугу менен эмдөөдөн өткөн. Уолтер Рид атындагы Улуттук медициналык борборунун кызматкерлерине камкордук менен дарылагандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз сонун жана мээримдүү күйөөнү, атабызды, чоң атабызды жана улуу америкалыкты жоготтук", - деп анын үй-бүлөсү социалдык тармактагы баракчасында билдиришкен.
Колин Пауэлл Жорж Уокер Буштун президенттик мөөнөтүнүн биринчи мезгилинде мамлекеттик катчы болуп иштеген. Ага чейин президент Рональд Рейгандын администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жана штаб башчыларынын төрагасы болгон.
Ошондой эле Пауэлл Вьетнамда согушка катышып, 1991-жылы АКШ Конгрессинин алтын медалы менен сыйланган.


