Бишкекте «Бал жарманкеси - 2013» өтүүдө
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Бал жарманкеси - 2013» өтүүдө. Жарманкени “Кыргыз балчылар бирикмеси” коомдук уюму уюштурууда. Алардын айтымында, иш-чара бал челекчи-өндүрүүчүлөрдөн сапаттуу жана табигый бал азыктарын жашоочуларга берүү, бал азыктарын таанытуу жана аларды пайдаланууну түшүндүрүү максатында өткөрүлүп жатат.
Жарманкеге Кыргызстандын аймактарынан алынган бал сорттору коюлат жана «Бал дарыгер» азыгы таанытылат. Мындан сырткары жарманкенин алкагында Бишкек шаарындагы жетим балдарга, Кароосуз балдардын реабилитациялык борборуна арналган кайрымдуулук акциясы өтөт. 8-ноябрда башталган жарманке 17-ноябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

