super.kg logo

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды

 

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул туурасында бүгүн, 19-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жүргүзгөн. Анда ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.

"Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда көрүү максатында соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен А.Т.Б. кармалып Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө", - деп белгилешти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.10.2021. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер кж медиктердин кызыл зонада иштеген айлыгы август айынан бери толоно элек. Сурап берсениздер тийиштуу адамдардан
zahid түзөттү 2021-10-19 08:54:29
19.10.2021. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул пенделер кайсыл тарабы менен ойлонот экен аа,күндө кармалган адамдар.Баары бир алып тоюшпадыгоо,жемкорлор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: