АКШда 5 жыл мурун өлтүрүлгөн гориллага эстелик тургузулду



Нью-Йорктогу Уолл-стритке 2016-жылы зоопарктын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн, бийиктиги эки метрлик Харамбе горилласынын айкели орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, айкел америкалык капиталисттик системада жашаган адамдарды чагылдырат. Горилланын айкели Уолл-стриттин белгилүү символу - колодон жасалган "Attacking Bull'дун" алдына коюлган.
2016-жылдын май айында Американын Цинциннати шаарындагы зоопаркта кичинекей бала горилла жаткан жерге түшүп кеткен, андан кийин зоопарктын кызматкерлери баланы кармап алган Харамбе аттуу горилланы атууга аргасыз болушкан. Окуя коомчулукта резонанс жаратып, көрүлгөн чаранын негиздүүлүгү тууралуу талкууларды жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.