Жогорку Кеңештин комитети шайлоону уюштурууга кошумча 100 миллион сом бөлүү боюнча өзгөртүүнү колдоду
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде БШКнын 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралды.
Буга быйылкы жылдын планында референдум жана үч шаардык кеңешке кайрадан уюштурулган шайлоолор кирбегенин жүйө келтиришти.
“Ага ылайык, 100 миллион сом кошумча акча керек. 11-октябрда министрлер кабинети атайын тескеме менен аталган каражатты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Эми Жогорку Кеңештин макулдугу керек”, - деди БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов.
Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитети шайлоону уюштурууга кошумча 100 миллион сом бөлүү боюнча өзгөртүүнү колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
Рейтинг:
0

