super.kg logo
  Спорт  

"Командалаштары нес болуп". Англиянын "Норвич" клубунун 20 жаштагы оюнчусунан рак илдети аныкталды

 

Англиянын "Норвич Сити" футболдук клубунун шотландиялык 20 жаштагы дарбазачысы Дэн Барденден рак илдети аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал медициналык кароодон өткөндө илдет аныкталган. Аны укканда өзү жана командадагы бардык футболчулар нес абалда болушкан. Өз кезегинде Шотландия курамасы жана "Норвич Сити" футболдук клубу аны колдоого алып, келишимди бузбай тургандыктарын билдиришкен.

"Мен ишенем, мен бул ооруну жеңе алам жана жакында сүйүктүү ишиме кайтып келем. Мени колдогону үчүн айланамдагылардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Мага алдыдагы мезгил оор болорун билем", - деген Барден өз сөзүндө.

Бул диагноз жашоо бүттү дегенди түшүндүрбөйт. Бир нече жыл мурун "Лацио" футболдук клубунун жана Италия курама командасынын коргоочусу Франческо Асерби Дэн Барденге коюлган диагнозду жеңип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: