super.kg logo

Казакстанда көп балалуу эне алимент төлөбөгөндүгү үчүн бир жылга эркиндигинен ажыратылды

 

Казакстандын Павлодар облусунда көп балалуу эне алимент төлөбөгөндүгү үчүн бир жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы беш баланын энеси (улуусу 18де, кичүүсү 8 жашта) бир нече жолу полиция кызматына түшкөн. Бул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгондордун катарында каттоодо турган. Ошондой эле аял спирт ичимдиктерин ичип, айрым учурларда балдарын ачка, кароосуз калтырып койгон.

Кийин аял балдарга тарбия берүүгө толук кандуу көңүл бөлбөгөндүктөн, энелик укугунан ажыратылган. Чоң балдары интернатка которулуп, ал эми кичинекей балдарын туугандары алышкан.

Убакыттын өтүшү менен балдарды өз камкордугуна алгандар алиментке арыз беришкен, бирок аял балдарына жардам берүүгө аракет кылган эмес. Алимент төлөбөгөндүгү үчүн быйыл ал бир жылга эркинен ажыратылган.

"Соттолгон адамга анын укуктары жана милдеттери, ошондой эле жазаны өтөө мезгилинде коюлган талаптар түшүндүрүлдү. Кошумча эсепке алимент төлөшү керек деп бир нече жолу айтып жана балдар менен байланыш түзүүгө жардам берүүгө аракет кылышкан. Бир нече жолу аны жумушка орнотуу борборуна жөнөтүшкөн, бирок ал андан баш тарткан", - деп Павлодар облусунун пробация кызматынын башчысы Дамир Жаныбеков билдирген.

Белгилей кетсек, көп балалуу эне жаза мөөнөтүн орто коопсуздуктагы аялдар абагында өтөйт.

Ошондой эле соттун чечими күчүнө кире электиги белгиленет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
20.10.2021. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура. Ата менен эне бала алдында милдетүү баланы чоңойтконго.Төрөлгөнүнө балдар күнөлүү эмес.
20.10.2021. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sajakat14, туура
20.10.2021. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы кайда болду экен?Турмодон эле озгоро коймок беле Эне байкуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: