super.kg logo

"Денесинде жаракаттар бар болгон". Таласта токойдон 47 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

 

Талас облусунун Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу токой жээктен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 19-октябрь күнү саат 09:30 чамасында Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу МТФ аталышындагы аймактын түндүк тарабындагы токой жээктен белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Талас РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда окуя болгон жерден тиешелүү кароо иштерин жүргүзүп, маркум Талас шаарынын 1973-жылы туулган тургуну экени жана денесинде бир нече жаракаттары бар экендигин аныкташкан.

Бул факты Талас РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: