Кечки тамактанууда кайсы азыктарды колдонуу менен ашыкча салмак кошуу коркунучунан арылса болот? Диетологдун жообу
Кечки тамактануу ден соолукка зыян келтирбеши жана ашыкча салмактуулукка жол бербеши үчүн кандай азыктарды пайдалануу керек деген суроого диетолог Елена Тай орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
Анын айтымына караганда, кечки тамактын рациону өсүмдүк азыктарынан болгону жакшы. Себеби мындай азыктар тез сиңет жана ичеги-карын системасынын жакшы иштөөсүн жөнгө салат.
"Кечки тамактанууга нокот, жасмык (чечевица), буурчактан жасалган тамакты колдонуу пайдалуу. Себеби бул азыктарда пайдалуу витаминдер арбын жана узак убакытка чейин ток кармайт, тамак сиңирүү процесси да тез жүрөт", - деген ал.
Ошондой эле бул азыктарды кечкисин пайдалануу менен ашыкча салмак кошуу коркунучу төмөн болорун кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.