super.kg logo

Фейсбук компаниясынын аталышы бир аптадан кийин өзгөрөрү күтүлүүдө

 

Фейсбук компаниясынын аталышы кийинки аптада өзгөрүшү күтүлүүдө. Компания мындай кадамга мета ааламды (офлайн менен онлайн тыгыз байланышта болгон дүйнө) түзүүгө багытталган деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматта айтылгандай, Фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг 28-октябрда жыл сайын өтүүчү жыйында компаниянын аталышын өзгөрткөнү тууралуу жарыя кылышы мүмкүн.

"Марк Цукербергдин айтымында, мета аалам чыгармачыл кесип ээлерине, шаардын борборунан алыс жашоону жана иштөөнү каалагандарга, ошондой эле билим алуу же эс алуу жайлары жеткиликтүү аймактарда жашагандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Цукерберг Фейсбукту өзгөртүү ниети бар экенин бир нече жолу айткан. Азырынча Фейсбуктун жаңы аталышы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин Фейсбук өзүнүн "келечектин интернети" версиясын иштеп чыгуу үчүн Европа Биримдиктеги ишмердүүлүгүн кеңейткенин жарыялаган. Компания пландарын ишке ашыруу үчүн 10 миң жумушчуну жалдоону көздөп жатканы маалымдалган", - деп айтылат маалымат каражаттарында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2021. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фейсбек деп өзгөрткүлө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: