Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейт менен беттешет
15-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан-Кувейт беттешинин алдында

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы бүгүн Кувейттин баш калаасы Эль Кувейт шаарында Кувейт курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Эске салсак, Кыргызстан курама командасы 15-октябрда Бишкекте Кувейттин жаштар курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңип алган. Бул оюндар КРнын футбол боюнча Улуттук курама командасынын 2014-жылкы АФКнын Чакырык кубогуна даярдыгынын алкагында уюшулууда.
Беттешке Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков 16 футболчуну чакырды. Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (экөө тең “Дордойдун” оюнчулары) жана Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”) чакырылды. Коргоочулар: Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”), Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Арий Элайжа (баары “Дордой”), Артур Муладжанов (“Алга”). Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Жыргалбек уулу Кайрат (экөө тең “Абдыш-Ата”), Вадим Харченко, Макка Кум (экөө тең “Дордой”), Ахлетдин Исраилов (“Динамо Киев”, Украина). Чабуулчулар: Хуршит Лутфуллаев, Ильдар Амиров (экөө тең “Абдыш-Ата”), Иван Филатов (“Алга”).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
namazbek__92

11.11.2013. 20:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана Кайумжан Шарипов
acer11

12.11.2013. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Алайдын оюнчулары жок.Ушинтип эле болунуп калышат.Болбош керек ушул футболдо да тундук туштук болуп болунот Эх кыргыздар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.