super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште акыйкатчы Токон Мамытовдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралды

 

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралды. Бул боюнча баяндаманы тийиштүү комитеттин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев жасады.

Бул маселе добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ал парламенттик шайлоого аттанып жатканын билдирген.

"Айрым учурда адам укугуна дал келбеген мыйзамдар, токтомдор бар экен. Адам укугун кеңири коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, толуктап, өзгөртүү киргизүү керек. Мен ошонун баарын акыйкатчы болуп иштеп жатып көрдүм. Адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканынын себеби мыйзамдардын иштебегендиги, иштеген учурда айрым фактылар көрсөтүлбөй калган. Мисалы, насыя алып үйүнөн ажырап жаткандар боюнча бул маселени мыйзам менен бекитип, оңдоп койсо болот. Ошондо элге, банкка, мамлекетке да жеңил болот", - дейт Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: