super.kg logo

Ош-Алай жолунда Дэу Матиз унаасынан баңгизат салынган баштык табылды. Кармалган жарандардын бири аял киши

 

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттар менен алектенген топ аныкталып кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай жолунун 5-чакырымында Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзүү учурунда багаждан баңгизат салынган баштык жана айдоочу менен жүргүнчүдөн баңгизаттар табылып алынган. Алынган гашиштин жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.

Кармалган 3 жарандын экөө мурда соттолушкан, алар Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилип, азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: