super.kg logo

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери курал, акча жана алтын буюмдарды уурдоого шектелгендерди кармады

 

Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери курал, акча жана алтын буюмдарды уурдоого шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү саат 13:20 чамасында Ак-Тилек жаңы конушундагы жайгашкан үйгө белгисиз адамдар дарбазадан секирип кирип, мергенчиликке колдонулган мылтыкты, 270 доллар жана 55 миң сом акчаны, ноутбук, телефон, планшет, жана алтын чынжырчаларды, колго таккан сааттарды уурдап белгисиз тарапка из жашырышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1996-жылы жана 2003-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.10.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чөнтөкчүлөр менен мелийсанын тили бирда, эртең эле койо беришет.
21.10.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312,шондо мелийса акан да уурубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: