super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Биз электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз"

 

Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

"Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан, Өзбекстан мурдагы келишимдердин негизинде электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри электр энергияны үнөмдөгүлө деп суранган. Күндүз жарыктар күйүп турат. Бул эмнени билдирет. Бул бизге электр энергия арзан болгон үчүн. Ушуга байланыштуу жергиликтүү бийлик электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу ишин жүргүзүшү керек. 2024-жылы электр энергия кризисинен чыгабыз", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: