super.kg logo
  Саясат  

Мэрлерди президент дайындайт. Садыр Жапаров мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.

Аталган мыйзам жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин көтөрүүгө уруксат берет. Ага ылайык:

* Аким кызматына президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

* Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызматка дайындоо укугу берилди.

* Мындан тышкары аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

* Облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин президент дайындайт.

* Квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартуу максатында аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат.

* Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

* Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган.

* Районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлүп жатат.

* Акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчётторун угуу укугу берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: