super.kg logo

УКМК: "Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды"

 

Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара жең учунан сүйлөшүп алган фактысы такталган.

"Аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жашырышкандыгы, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүңөр базар баасынан эки-үч эсе кымбат кылып балчайтып акчаларды бөлөсүңөр. Анан алар аны каалагандай колдонотта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: