super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Азыркы учурда тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат"

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү.

"Кумтөр" кени 29 жылдан бери чет өлкөлүк компания тарабынан иштетилип келген. Биз бул ири кенге ушул жылдын май айында сырткы башкарууну киргиздик. Азыркы учурда “Кумтөр” кенинде кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган иштер жүрүп жатат. Мисал келтирсек, 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому геологиялык чалгындоого дүң кирешеден 4 пайыз аз каражат сарптаса, анын айырмасы болжол менен 15-16 миллион доллар болот экен, аны салык катары республикалык бюджетке төлөмөк, бирок төлөгөн эмес. Тышкы башкаруу киргизгенден кийин бул салыктын түрү төлөнө баштады, азыркы учурда 500 миллион сом республикалык бюджетке которулду. Азыркы учурда тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат. Алдыда бул сумманы бир нече эсе көтөрүшүбүз керек. Ошондо биз пенсия, пособия, айлыктарды да бир кыйла көтөрө алабыз", - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: