super.kg logo

Үлпөт тойдо таанышып калып, макулдугу жок ала качкан. Ысык-Атада кыз ала качууга шектелип 4 бала кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кыз ала качууга шектелип, төрт бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр ала качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып баргандары такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин бала кыздын макулдугу жок эле ала качып кеткени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилип, ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кое берип эле койгула эми, катуу коркутуп койсоңор эле жетишет экинчи кыз ала качкыс болуп калышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: